# 8-берене. Укукту бир түрдүү колдонуу

- Документ: [Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111254)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-июлундагы № 210 "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 210
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2075/edition/1198321/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111254/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө, 8-берене (12.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-8

---

1. Администрациялык органдар төмөнкүлөрдү көрсөтүүгө милдеттүү:

1) эгерде аларды айырмалоо үчүн кандайдыр бир негиздер болбосо, иш жүзүндө болгон бирдей жагдайларга карата тең мамиле жасоого;

2) иш жүзүндө болгон олуттуу кандай гана болбосун жагдайларга карата жекече мамиле жасоого.

2. Эгерде администрациялык орган өзүнүн дискрециялык ыйгарым укугун белгилүү бир түрдө жүзөгө ашырса, анда ал андан ары да дискрециялык ыйгарым укуктарын ушундай эле жол менен жүзөгө ашырууга милдеттүү.

3. Администрациялык орган иштин предметине тиешелүү олуттуу кырдаалдар пайда болгон учурда гана, ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн практикадан баш тартууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-9)
