# 79-берене. Акчалай мажбурлоо

- Документ: [Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111254)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-июлундагы № 210 "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 210
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-79>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2075/edition/1198321/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111254/st-79.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө, 79-берене (12.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-79

---

1. Акчалай мажбурлоо - бул административдик акт даректелген жакка карата актыны, чечимди аткарбагандыгы үчүн администрациялык орган тарабынан салынуучу акчалай формадагы мажбурлоо чарасы.

2. Эгерде аракет башка жак тарабынан аткарылышы мүмкүн болбосо, акчалай мажбурлоо актысы, чечим даректелген жакка дайындалат.

3. Эгерде акт жана чечим даректелген жак тиешелүү административдик актыда көрсөтүлгөн кандайдыр бир аракетти аткаруудан чегинбеген учурда да акчалай мажбурлоо дайындалат.

4. Ушул берене менен каралган учурларда, акчалай мажбурлоо эсептик көрсөткүчтүн элүүдөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө дайындалат.

5. Акт даректелген жак акчалай мажбурлоону төлөбөй койгон учурда, администрациялык орган мажбурлоону акчалай өндүрүп алуу жөнүндө мажбурлап аткартуу органына кайрылат.

---

Мурунку берене: [78-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-78)  
Кийинки берене: [80-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-80)
