# 76-берене. Административдик актыны жана чечимди мажбурлап аткартуу

- Документ: [Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111254)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-июлундагы № 210 "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 210
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-76>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2075/edition/1198321/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111254/st-76.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө, 76-берене (12.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-76

---

1. Кандайдыр бир аракетти аткарууга багытталган акт жана чечим мажбурлоонун төмөнкү чараларынын жардамы менен мажбурлап аткарылышы мүмкүн:

1) аракеттерди административдик акт жана чечим даректелген жактын эсебинен аткартуу;

2) акчалай мажбурлоо;

3) түздөн-түз мажбурлоо.

2. Мажбурлоо чарасы анын максатына шайкеш болууга тийиш. Мажбурлоо чарасы милдеттүү жактын жана коомдун зыяндары мүмкүн болушунча минималдуу тандалып алынууга тийиш.

---

Мурунку берене: [75-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-75)  
Кийинки берене: [77-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-77)
