# 74-берене. Актыларды жана чечимдерди аткаруунун тартиби

- Документ: [Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111254)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-июлундагы № 210 "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 210
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-74>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2075/edition/1198321/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111254/st-74.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө, 74-берене (12.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-74

---

1. Акт жана чечим ыйгарым укуктуу администрациялык орган тарабынан актыда жана чечимде көрсөтүлгөн аракеттерди жасоо жолу менен аткарылат.

2. Актыны жана чечимди аткаруу боюнча аракеттерди жасоо тиешелүү документ менен, ошондой эле тиешелүү реестрге жазуу менен ырасталышы мүмкүн.

3. Арыздануучуга юридикалык мааниси бар документти берүү жөнүндө чечим белгиленген формадагы документ иш жүзүндө берилген учурдан тартып аткарылды деп эсептелет.

4. Актыны жана чечимди айрым категориялар боюнча аткаруу арыздануучу тарабынан белгилүү бир аракеттердин жасалышы менен шартталышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [73-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-73)  
Кийинки берене: [75-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-75)
