# 67-берене. Административдик даттанууну кароонун тартиби жана чектери

- Документ: [Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111254)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-июлундагы № 210 "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 210
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-67>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2075/edition/1198321/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111254/st-67.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө, 67-берене (12.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-67

---

1. Эгерде ушул главада башка каралбаса, административдик актыга, төмөн турган администрациялык органдын (кызмат адамынын) аракетине же аракетсиздигине даттанууну кароо ушул Мыйзамдын 4-6-главаларына ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Административдик даттануу даттанылуучу актынын мыйзамдуулук көз карашынан, ал эми дискрециялык ыйгарым укуктарды аткаруу учурунда - максатка ылайыктуулук көз карашынан да каралат.

3. Административдик даттанууну кароодо администрациялык орган иште болгон, ошондой эле кошумча берилген далилдерди жетекчиликке алат.

---

Мурунку берене: [66-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-66)  
Кийинки берене: [68-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-68)
