# 65-берене. Администрациялык органдын келип түшкөн даттануу боюнча аракеттери

- Документ: [Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111254)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-июлундагы № 210 "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 210
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-65>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2075/edition/1198321/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111254/st-65.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө, 65-берене (12.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-65

---

1. Даттануунун негизинде жүзөгө ашырылуучу административдик жол-жобо администрациялык органда даттануу катталган күнү козголот.

2. Администрациялык орган даттанууну алганда даттануунун ушул Мыйзамдын 61-64-беренелеринин талаптарына ылайыктыгын текшерүүгө милдеттүү.

Эгерде ал ушул Мыйзамдын 61-64-беренелеринин талаптарын бузуу менен берилсе, даттануу администрациялык орган тарабынан кыймылсыз калтырылат. Мындай учурда администрациялык орган кемчиликтерди токтоосуз көрсөтөт жана даттанууну берген жакка даттанууга жалпы мөөнөттүн чектеринде аларды четтетүү үчүн мүмкүнчүлүк берет. Администрациялык орган тарабынан көрсөтүлгөн кемчиликтер четтетилбеген учурда, даттануу жол берилгис деп таанылат жана канааттандырылбастан калтырылат.

3. Жогору турган администрациялык орган жол-жобо козголгондон кийин төмөн турган администрациялык органдан администрациялык өндүрүш тууралуу административдик ишти (материалдарды) токтоосуз суратып алууга милдеттүү. Төмөн турган администрациялык орган андай талапты алгандан кийин жогору турган органга административдик ишти (материалдарды) беш күндүк мөөнөттө берүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [64-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-64)  
Кийинки берене: [66-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-66)
