# 64-берене. Даттанууга коюлуучу талаптар

- Документ: [Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111254)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-июлундагы № 210 "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 210
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-64>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2075/edition/1198321/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111254/st-64.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө, 64-берене (12.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-64

---

Даттануу төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

1) даттануу берилген администрациялык органдын аталышын;

2) даттанууну берүүчү жеке жактын фамилиясын, атын, атасынын атын, анын дарегин;

3) юридикалык жактын атынан даттануу берген адамдын фамилиясын, атын, атасынын атын, анын кызмат ордун жана юридикалык жактын турган жерин;

4) даттануу предметин;

5) даттанууну берген жактын талабын;

6) даттанууга тиркелүүчү документтердин тизмегин;

7) даттануу берүүнүн күнүн, айын жана жылын;

8) даттанууну берген адамдын колтамгасын;

9) даттанууну юридикалык жактын атынан берген адамдын колтамгасын жана юридикалык жактын мөөрүн.

---

Мурунку берене: [63-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-63)  
Кийинки берене: [65-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-65)
