# 63-берене. Даттануу мөөнөттөрү

- Документ: [Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111254)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-июлундагы № 210 "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 210
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-63>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2075/edition/1198321/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111254/st-63.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө, 63-берене (12.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-63

---

1. Административдик даттануу отуз жумушчу күндүн ичинде төмөнкүдөй берилиши мүмкүн:

1) административдик акт тапшырылган күндөн тартып;

2) администрациялык орган тарабынан аракеттер жасалган күндөн тартып;

3) администрациялык органдын аракетсиздигине - ушул Мыйзамдын 42-беренесинин 1-бөлүгү менен каралган мөөнөт же болбосо башка мыйзам менен каралган атайын мөөнөт аяктагандан кийин.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөт жүйөлүү себептер боюнча өтүп кеткен учурда, даттануу мөөнөтү администрациялык орган тарабынан калыбына келтирилиши мүмкүн.

Мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө арыз берүү менен бир убакта административдик даттануу берилет. Даттанууга өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө арыз жүйөлүү себептерге негиз жок болгон күндөн тартып отуз жумушчу күндүн ичинде берилиши мүмкүн. Даттануу мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө арыз канааттандырылганда административдик даттануу кабыл алынды деп эсептелет.

---

Мурунку берене: [62-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-62)  
Кийинки берене: [64-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-64)
