63-берене. Даттануу мөөнөттөрү
Күчүндө · 12.02.2025 редакциясы · 10-глава
1. Административдик даттануу отуз жумушчу күндүн ичинде төмөнкүдөй берилиши мүмкүн:
1) административдик акт тапшырылган күндөн тартып;
2) администрациялык орган тарабынан аракеттер жасалган күндөн тартып;
3) администрациялык органдын аракетсиздигине - ушул Мыйзамдын 42-беренесинин 1-бөлүгү менен каралган мөөнөт же болбосо башка мыйзам менен каралган атайын мөөнөт аяктагандан кийин.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөт жүйөлүү себептер боюнча өтүп кеткен учурда, даттануу мөөнөтү администрациялык орган тарабынан калыбына келтирилиши мүмкүн.
Мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө арыз берүү менен бир убакта административдик даттануу берилет. Даттанууга өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө арыз жүйөлүү себептерге негиз жок болгон күндөн тартып отуз жумушчу күндүн ичинде берилиши мүмкүн. Даттануу мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө арыз канааттандырылганда административдик даттануу кабыл алынды деп эсептелет.
Берененин тексти 12.02.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
63-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
- Обобщение судебной практики по рассмотрению административными судами дел по таможенным спорам за период с 2020 года по 2022 год.Обзор судебной практики · 17.12.2024
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111254/st-63" title="63-берене - Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>