# 57-берене. Административдик актыны жокко чыгаруу жөнүндө башка жоболор

- Документ: [Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111254)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-июлундагы № 210 "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 210
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-57>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2075/edition/1198321/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111254/st-57.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө, 57-берене (12.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-57

---

1. Ушул Мыйзамдын 56-беренесинин 2, 3, 5 жана 6-бөлүктөрү менен каралган административдик акт бул административдик актыны кабыл алган администрациялык орган же анын жогору турган органы тарабынан жокко чыгарылышы мүмкүн.

2. Административдик акт толук же жарым-жартылай жокко чыгарылышы мүмкүн. Административдик акт жокко чыгарылбаган бөлүгүнүн күчүндө калышы же өз алдынча колдонулушу мүмкүн болгон учурда гана жарым-жартылай жокко чыгарылышы мүмкүн. Эгерде административдик акт жарым-жартылай жокко чыгарылса, анда ушул берененин эрежелери жокко чыгарылган бөлүгүнө карата гана колдонулат.

3. Эгерде административдик актынын жокко чыгарылышы менчик ээсинин эркинен тышкары мүлкүн алып коюуга алып келиши мүмкүн болсо, административдик акт ушул административдик актыны кабыл алган же анын жогору турган органы тарабынан жокко чыгарылбайт. Бул учурда административдик акт сот тартибинде анык эмес деп таанылат.

4. Эгерде административдик акт жарым-жартылай гана жокко чыгарылса, анда ушул Мыйзамдын 56-беренеси менен каралган кесепеттер административдик актынын жокко чыгарылган бөлүгүнө гана жайылтылат.

---

Мурунку берене: [56-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-56)  
Кийинки берене: [58-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-58)
