# 55-берене. Административдик актынын арзыбастыгынын негиздери

- Документ: [Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111254)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-июлундагы № 210 "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 210
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-55>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2075/edition/1198321/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111254/st-55.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө, 55-берене (12.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-55

---

1. Эгерде ал эске алынуучу бардык жагдайларга акылга сыярлык баа берүүдө даана жана көзгө көрүнөрлүк болуп саналган өзгөчө олуттуу кемчиликти (катаны) камтыса, административдик акт арзыбас деп эсептелинет.

2. Административдик акт төмөнкү учурларда да арзыбас деп эсептелет, эгерде:

1) актыда аны кайсы администрациялык орган кабыл алгандыгы бүдөмүк болсо же болбосо актыны кабыл алган кызмат адамынын фамилиясы, аты, атасынын аты камтылбаса;

2) актыда анын кайсы жакка даректелгендиги бүдөмүк болсо;

3) акт жазык же административдик жоопкерчиликке алып келүүчү укукка каршы жосун жасоону талап кылса;

4) актыда анын аталышы, ал кабыл алынган күн, ай жана жыл, анын каттоо номери, ошондой эле мыйзамдар менен каралган башка реквизиттери (колтамга, мөөр жана у.с.) камтылбаса;

5) актыдан анын кандай маселени жөнгө салуусу бүдөмүк болсо же чечим кабыл алынган актыда камтылбаса.

3. Арзыбас административдик акт ал кабыл алынган учурдан тартып юридикалык күчкө ээ эмес жана аткарылууга же колдонулууга жатпайт.

4. Арзыбас административдик актыны аткарбоо ал даректелген жак үчүн кандайдыр бир жоопкерчилик алып келбейт.

5. Арзыбас административдик актыны кабыл алган администрациялык орган кайсы гана убакта болбосун өз демилгеси боюнча же укуктары козголгон ар кандай жактын арызы боюнча актыны токтоосуз түрдө арзыбас деп белгилөөгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [54-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-54)  
Кийинки берене: [56-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-56)
