# 54-берене. Административдик актыны колдонуу мөөнөтү

- Документ: [Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111254)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-июлундагы № 210 "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 210
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-54>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2075/edition/1198321/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111254/st-54.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө, 54-берене (12.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-54

---

1. Административдик акт белгилүү же белгисиз мөөнөттүн ичинде колдонулат.

Белгилүү мөөнөткө кабыл алынган административдик актынын мөөнөтү аяктаганга чейин бул административдик актынын мөөнөтү жаңы мөөнөткө же белгисиз мөөнөткө узартылышы мүмкүн. Белгисиз мөөнөткө кабыл алынган административдик акт мыйзам менен белгиленген тартипте жокко чыгарылганга же анык эмес деп табылганга чейин колдонулат.

2. Эгерде акт менен жөнгө салынуучу мамилелер белгилүү бир аракеттерди жасоо же болбосо окуянын башталышы менен байланыштуу болсо, мыйзамда каралган учурларда административдик акт колдонуу мөөнөтүнө кандайдыр бир көрсөтүүнү камтыбашы мүмкүн (шарты бар акт).

Бул актынын колдонулушу белгилүү аракеттер аяктаган же бул актыны колдонуу мөөнөтүн аныктаган окуя башталган учурдан тартып токтотулат.

3. Оозеки административдик акт күчүнө кирген учурдан тартып бул актыны кабыл алган административдик орган аны менен байланышкан, мыйзам менен каралган аракеттерди жүзөгө ашырууну аяктаган же акт даректелген жакка актынын колдонулушун токтотуу жөнүндө мыйзам менен каралган кандайдыр бир ыкма менен кабарлаган учурга чейин колдонулат.

4. Башка формадагы административдик акт ага даректелген жак мыйзам менен каралган көрүнүп, угулуп турган кандайдыр бир ыкма менен ал актынын колдонулушунун токтотулушу жөнүндө кабарланган учурга чейин колдонулат.

---

Мурунку берене: [53-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-53)  
Кийинки берене: [55-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-55)
