# 53-берене. Административдик актынын күчүнө кириши

- Документ: [Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111254)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-июлундагы № 210 "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 210
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-53>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2075/edition/1198321/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111254/st-53.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө, 53-берене (12.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-53

---

1. Административдик акт ушул Мыйзамдын 52-беренеси менен белгиленген тартипте тапшырылган, жарыяланган, угузулган же маалымдалган күндөн тартып күчүнө кирет. Мыйзам же административдик акт менен күчүнө кирүүнүн башка мөөнөттөрү каралышы мүмкүн.

2. Эгерде административдик акт белгилүү бир шарттардын же жагдайлардын пайда болушунан актынын же анын кандайдыр бир бөлүгүнүн күчүнө киришин байланыштырган жоболорду камтыса, анда ал акт же анын бөлүгү тиешелүү шарттар же жагдайлар (шарты бар акт) пайда болгон учурдан тартып күчүнө кирет.

---

Мурунку берене: [52-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-52)  
Кийинки берене: [54-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-54)
