Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
52-берене. Административдик актыны кабыл алуу, тапшыруу жана жарыялоо
Күчүндө · 12.02.2025 редакциясы · 8-глава
1. Жазуу жүзүндөгү административдик акт администрациялык органдын кол коюуга ыйгарым укуктуу кызмат адамы кол койгондон кийин ал катталган учурдан тартып кабыл алынды деп эсептелет.
Жазуу жүзүндөгү административдик актынын кабыл алынышы жөнүндө администрациялык орган жол-жобонун катышуучуларына тапшыруу жана/же ушул беренеде каралган тартипте жарыялоо жолу менен кабарлайт.
2. Оозеки административдик акт ал акты угузулган учурдан тартып кабыл алынды деп эсептелет.
Оозеки административдик акт даректелгенге (даректелгендерге) аны оозеки кабарлоо жолу менен ал актыны кабыл алуу учурунда угузулат. Оозеки административдик акт мамлекеттик же расмий тилде угузулат.
3. Административдик актынын башка формасы даректелген (даректелгендер) үчүн аны түздөн-түз же токтоосуз көргөндөй, кабыл алгандай же кандайдыр башка түрдө жеткиликтүү кылып, мыйзамдар менен каралган түрдө даректегенге маалымдалат.
4. Административдик акт ал кабыл алынган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде жол-жобонун катышуучуларына тапшырылууга тийиш. Акт даректелген жакка административдик актыны тапшыруу төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат:
а) жакка түздөн-түз берүү менен;
б) тапшырылгандыгы жөнүндө кабарландыруу менен заказ почтасы аркылуу;
в) мыйзамдар менен каралган башка ыкмалар менен.
Эгерде кандайдыр бир негиздүү себеп боюнча акт даректелген жакка ага кол койдуруп тапшыруунун мүмкүнчүлүгү болбосо, анын ичинде, эгерде акт даректелген жак тапшыруунун башка ыкмаларын пайдаланууну өтүнсө, тапшыруунун ушул бөлүк менен каралган башка ыкмалары колдонулат. Административдик актыны акт даректелген адамга тапшырууда администрациялык орган аны менен бирге ал актынын курамдык бөлүгү болуп саналган документтерди да берүүгө милдеттүү. Көрсөтүлгөн документтерди административдик акт менен бир убакта бирге тапшырбоо же аларды кийин тапшыруу административдик актынын колдонулушуна таасир тийгизиши жана актынын мыйзамдуулугуна даттануу үчүн негиз болушу мүмкүн эмес.
5. Административдик актыга, ошондой эле бул актынын курамдык бөлүгү болуп саналган документтерге мыйзам менен белгиленген тартипте өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген учурда, администрациялык орган ушул берене менен белгиленген тартипте бул өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду акт даректелген жакка тапшырууга милдеттүү.
6. Эгерде бул актыга түздөн-түз тиешелүү болгон жактар жөнүндө маалыматтар администрациялык органга белгисиз болсо, ошондой эле мыйзам менен каралган башка учурларда административдик акт милдеттүү түрдө жарыяланууга жатат.
Административдик акт мыйзамдар менен каралган учурларда администрациялык органдын демилгеси боюнча жарыяланышы мүмкүн. Административдик акт администрациялык органдын басма сөз басылмасында же расмий сайтында же республикалык башка жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат. Жалпыга маалымдоо каражаттарында же маалыматты жайылтуунун башка каражаттарында административдик актынын резолюциялык бөлүгү жарыяланат. Жарыялоодо административдик акт менен толук, анын ичинде анын негиздемеси менен да таанышууга боло турган орун көрсөтүлүүгө тийиш.
Берененин тексти 12.02.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111254/st-52" title="52-берене - Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>