# 51-берене. Административдик актыны кабыл алуунун негиздемеси

- Документ: [Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111254)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-июлундагы № 210 "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 210
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-51>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2075/edition/1198321/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111254/st-51.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө, 51-берене (12.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-51

---

1. Административдик акт негиздемени камтууга тийиш, анда тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн иш жүзүндөгү жана укуктук жагдайлардын баары олуттуу көрсөтүлөт.

2. Дискрециялык ыйгарым укуктардын натыйжасында кабыл алынган административдик актынын негиздемесинде ушул чечимди тандап алган администрациялык органдын жүйөлөрү көрсөтүлүүгө тийиш.

3. Негиздеме төмөнкү учурларда талап кылынбайт:

1) администрациялык орган кандайдыр бир арызды канааттандырганда, мында кабыл алынган административдик акт үчүнчү жактардын укуктарын козгобойт;

2) акт даректелген жакка же административдик акт анын кызыкчылыктарын козгогон жакка иш жүзүндөгү же укуктук кесепеттер боюнча администрациялык органдын мамилеси мурда кат жүзүндө билдирилгенде, же мындай мамиле актынын текстинен даана түрдө келип чыкканда;

3) администрациялык орган окшош административдик актыларды үзгүлтүксүз отуз календардык күндүн ичинде беш актыдан ашык санда чыгарганда же административдик актыларды техникалык каражаттарды пайдалануу менен жарыялаганда жана ар бир учурда негиздеменин зарылдыгы болбогондо.

4. Администрациялык орган тарабынан кабыл алынган административдик актыларды ал органдын компетенциясына тиешелүү болбогон аргументтер менен негиздөөгө тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-50)  
Кийинки берене: [52-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-52)
