# 49-берене. Административдик актынын түрлөрү жана формалары

- Документ: [Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111254)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-июлундагы № 210 "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 210
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-49>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2075/edition/1198321/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111254/st-49.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө, 49-берене (12.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-49

---

1. Административдик акт төмөнкүдөй болушу мүмкүн:

1) администрациялык органдар анын жардамы менен жактарга укуктарды берген же алардын укуктук абалын жакшыртуучу кандай гана болбосун башка шарттарды түзгөн жагымдуу;

2) администрациялык органдар анын жардамы менен оордотуучу:

а) жактарга укуктарды берүүдөн баш тартат;

б) ал укуктарды жүзөгө ашырууда чектөөгө чейин кийлигишет;

в) жактарга кандайдыр бир милдеттерди жүктөйт же кандай гана болбосун түрдө алардын укуктук абалын оордотот.

2. Административдик акт, эреже катары, жазуу жүзүндө кабыл алынат.

Арыз боюнча административдик жол-жобо козголгондо жазуу жүзүндөгү административдик акт гана кабыл алынат.

3. Мыйзамдар менен каралган учурларда, административдик акт оозеки түрдө кабып алынышы мүмкүн.

Оозеки административдик акт кызыкдар жактын оозеки же жазуу жүзүндөгү талабы боюнча жазуу жүзүндөгү административдик актыга коюлуучу талаптарга ылайык жазуу жүзүндө жол-жоболоштурулууга жатат.

4. Административдик акт жарык, үн сигналдары жана белгилери менен, сүрөттөмөлөр түрүндө жана мыйзамдар менен каралган башка формаларда кабыл алынышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-48)  
Кийинки берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-50)
