# 48-берене. Административдик актыны кабыл алууга бир нече администрациялык органдардын катышуусу

- Документ: [Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111254)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-июлундагы № 210 "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 210
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-48>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2075/edition/1198321/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111254/st-48.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө, 48-берене (12.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-48

---

1. Эгерде административдик актыны кабыл алуу үчүн башка администрациялык органдардын уруксаты же макулдугу зарыл болсо, анда кошумча документтерди суратып алууну жана жыйноону кошуп алганда, аларды суратуу жана алуу үчүн зарыл болгон аракеттерди административдик жол-жобону козгогон администрациялык орган жүргүзөт.

2. Ушул берененин 1-бөлүгү менен каралган тартипте алынган уруксат же макулдук өзүнчө даттанылууга жатпайт, ал административдик акт менен бирге даттанылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [47-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-47)  
Кийинки берене: [49-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-49)
