# 47-берене. Административдик жол-жобону кайра улантуу

- Документ: [Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111254)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-июлундагы № 210 "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 210
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-47>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2075/edition/1198321/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111254/st-47.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө, 47-берене (12.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-47

---

1. Администрациялык орган жол-жобонун катышуучуларынын арызынын негизинде административдик актыга даттанууга жатпаган административдик актыны өзгөртүү же жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү, эгерде:

1) административдик акт кабыл алынгандан кийин анын негизине киргизилген иш жүзүндөгү жагдайлар же укуктук абал арыздануучунун пайдасына өзгөрүлсө;

2) арыздануучу үчүн кыйла пайдалуу чечим кабыл алууга алып келиши мүмкүн жаңы далилдер болсо;

3) мыйзам менен каралган башка негиздер болсо.

Ушул бөлүк менен каралган учурларда административдик жол-жобо кайра улантылат.

2. Жол-жобону кайра улантуу маселеси боюнча арыз менен кайрылган жак жол-жобону кайра улантуу үчүн негиз болуп саналган, ушул берененин 1-бөлүгү менен каралган жагдай жөнүндө билген күндөн тартып үч айдын ичинде арыз берилүүгө тийиш.

3. Арыздын негизинде өзгөртүүгө, жокко чыгарууга жаткан чечимди административдик актыны кабыл алган администрациялык орган же административдик жол-жобону кайра улантуунун жардамы менен ал актыны жокко чыгарууга ыйгарым укуктуу тиешелүү жогору турган же башка компетенттүү администрациялык орган кабыл алат.

4. Ушул Мыйзамдын 46-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-4-пункттарында каралган негиздер боюнча административдик өндүрүш токтотулган учурда, эгерде мыйзам менен башка каралбаса, ошол эле маселе боюнча жол-жобону кайра улантууга жана тиешелүү административдик актыны кабыл алууга жол берилбейт.

---

Мурунку берене: [46-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-46)  
Кийинки берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-48)
