47-берене. Административдик жол-жобону кайра улантуу
Күчүндө · 12.02.2025 редакциясы · 6-глава
1. Администрациялык орган жол-жобонун катышуучуларынын арызынын негизинде административдик актыга даттанууга жатпаган административдик актыны өзгөртүү же жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү, эгерде:
1) административдик акт кабыл алынгандан кийин анын негизине киргизилген иш жүзүндөгү жагдайлар же укуктук абал арыздануучунун пайдасына өзгөрүлсө;
2) арыздануучу үчүн кыйла пайдалуу чечим кабыл алууга алып келиши мүмкүн жаңы далилдер болсо;
3) мыйзам менен каралган башка негиздер болсо.
Ушул бөлүк менен каралган учурларда административдик жол-жобо кайра улантылат.
2. Жол-жобону кайра улантуу маселеси боюнча арыз менен кайрылган жак жол-жобону кайра улантуу үчүн негиз болуп саналган, ушул берененин 1-бөлүгү менен каралган жагдай жөнүндө билген күндөн тартып үч айдын ичинде арыз берилүүгө тийиш.
3. Арыздын негизинде өзгөртүүгө, жокко чыгарууга жаткан чечимди административдик актыны кабыл алган администрациялык орган же административдик жол-жобону кайра улантуунун жардамы менен ал актыны жокко чыгарууга ыйгарым укуктуу тиешелүү жогору турган же башка компетенттүү администрациялык орган кабыл алат.
4. Ушул Мыйзамдын 46-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-4-пункттарында каралган негиздер боюнча административдик өндүрүш токтотулган учурда, эгерде мыйзам менен башка каралбаса, ошол эле маселе боюнча жол-жобону кайра улантууга жана тиешелүү административдик актыны кабыл алууга жол берилбейт.
Берененин тексти 12.02.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
47-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111254/st-47" title="47-берене - Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>