# 43-берене. Административдик жол-жобонун мөөнөттөрүн узартуу

- Документ: [Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111254)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-июлундагы № 210 "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 210
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-43>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2075/edition/1198321/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111254/st-43.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө, 43-берене (12.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-43

---

1. Административдик жол-жобонун мөөнөтү узартылышы мүмкүн, эгерде:

1) ушул Мыйзамдын 39-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык арыздануучу берүүгө милдеттүү болгон кошумча маалыматтарды же документтерди алуу зарылчылыгы пайда болсо жана административдик жол-жобо үчүн калган мөөнөттө иштин маңызы боюнча чечим кабыл алууга мүмкүн болбосо;

2) эксперттик корутундуну берүү үчүн кошумча убакыт зарыл болсо;

3) өз ара жардамдашуу тартибинде кабыл алынган чаралар үчүн кошумча убакыт зарыл болсо;

4) административдик актыны кабыл алууга бир нече административдик органдар катышса.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган учурда, административдик жол-жобонун мөөнөтү жыйырма жумушчу күнгө чейин узартылышы мүмкүн.

Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган учурда, административдик жол-жобонун мөөнөтү эксперттин тиешелүү корутундусу алынганга чейин узартылышы мүмкүн. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3 жана 4-пункттарында каралган учурларда, административдик жол-жобонун мөөнөтү отуз жумушчу күнгө чейин узартылышы мүмкүн.

3. Эгерде административдик жол-жобонун мөөнөтүн узартуу үчүн ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган бир нече негиздер келип чыкса, анда администрациялык орган жол-жобону тез жана натыйжалуу жүзөгө ашыруу жана иштин маңызы боюнча чечим кабыл алуу үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү берген негизди гана колдонот.

4. Административдик жол-жобонун мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечим административдик жол-жобону жүзөгө ашыруучу администрациялык орган тарабынан кабыл алынат жана жол-жобонун башка катышуучуларына же алардын өкүлдөрүнө маалымдалат.

---

Мурунку берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-42)  
Кийинки берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-44)
