Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
43-берене. Административдик жол-жобонун мөөнөттөрүн узартуу
Күчүндө · 12.02.2025 редакциясы · 6-глава
1. Административдик жол-жобонун мөөнөтү узартылышы мүмкүн, эгерде:
1) ушул Мыйзамдын 39-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык арыздануучу берүүгө милдеттүү болгон кошумча маалыматтарды же документтерди алуу зарылчылыгы пайда болсо жана административдик жол-жобо үчүн калган мөөнөттө иштин маңызы боюнча чечим кабыл алууга мүмкүн болбосо;
2) эксперттик корутундуну берүү үчүн кошумча убакыт зарыл болсо;
3) өз ара жардамдашуу тартибинде кабыл алынган чаралар үчүн кошумча убакыт зарыл болсо;
4) административдик актыны кабыл алууга бир нече административдик органдар катышса.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган учурда, административдик жол-жобонун мөөнөтү жыйырма жумушчу күнгө чейин узартылышы мүмкүн.
Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган учурда, административдик жол-жобонун мөөнөтү эксперттин тиешелүү корутундусу алынганга чейин узартылышы мүмкүн. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3 жана 4-пункттарында каралган учурларда, административдик жол-жобонун мөөнөтү отуз жумушчу күнгө чейин узартылышы мүмкүн.
3. Эгерде административдик жол-жобонун мөөнөтүн узартуу үчүн ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган бир нече негиздер келип чыкса, анда администрациялык орган жол-жобону тез жана натыйжалуу жүзөгө ашыруу жана иштин маңызы боюнча чечим кабыл алуу үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү берген негизди гана колдонот.
4. Административдик жол-жобонун мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечим административдик жол-жобону жүзөгө ашыруучу администрациялык орган тарабынан кабыл алынат жана жол-жобонун башка катышуучуларына же алардын өкүлдөрүнө маалымдалат.
Берененин тексти 12.02.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111254/st-43" title="43-берене - Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>