# 41-берене. Экспертизаны дайындоо, кароо жүргүзүү

- Документ: [Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111254)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-июлундагы № 210 "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 210
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-41>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2075/edition/1198321/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111254/st-41.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө, 41-берене (12.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-41

---

1. Экспертиза жүргүзүүнүн зарылдыгы болгондо администрациялык орган бул жөнүндө жол-жобонун катышуучуларына кабарлоо менен эксперттик уюмга кайрылат.

2. Тиешелүү жаатында билимге ээ болгон көз карандысыз адам эксперт болуп дайындалат.

3. Эгерде алардын катышуусу экспертизага тоскоолдук кылбаса, жол-жобонун катышуучулары эксперт жасоочу аракеттердин убагында катышууга укуктуу.

4. Өз изилдөөлөрүнүн натыйжалары боюнча эксперт корутунду берет.

5. Администрациялык органдын же жол-жобонун катышуучуларынын талабы боюнча эксперт эксперттик корутунду боюнча кошумча түшүндүрмөлөрдү берүүгө тийиш.

6. Зарыл болгон учурда администрациялык орган жерди, кандайдыр бир объектини же буюмду кароону дайындоого укуктуу. Администрациялык органдын чечими боюнча кароодо жол-жобонун катышуучулары болууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-40)  
Кийинки берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-42)
