41-берене. Экспертизаны дайындоо, кароо жүргүзүү
Күчүндө · 12.02.2025 редакциясы · 6-глава
1. Экспертиза жүргүзүүнүн зарылдыгы болгондо администрациялык орган бул жөнүндө жол-жобонун катышуучуларына кабарлоо менен эксперттик уюмга кайрылат.
2. Тиешелүү жаатында билимге ээ болгон көз карандысыз адам эксперт болуп дайындалат.
3. Эгерде алардын катышуусу экспертизага тоскоолдук кылбаса, жол-жобонун катышуучулары эксперт жасоочу аракеттердин убагында катышууга укуктуу.
4. Өз изилдөөлөрүнүн натыйжалары боюнча эксперт корутунду берет.
5. Администрациялык органдын же жол-жобонун катышуучуларынын талабы боюнча эксперт эксперттик корутунду боюнча кошумча түшүндүрмөлөрдү берүүгө тийиш.
6. Зарыл болгон учурда администрациялык орган жерди, кандайдыр бир объектини же буюмду кароону дайындоого укуктуу. Администрациялык органдын чечими боюнча кароодо жол-жобонун катышуучулары болууга укуктуу.
Берененин тексти 12.02.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
41-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111254/st-41" title="41-берене - Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>