# 40-берене. Күбөнүн түшүндүрмөсү

- Документ: [Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111254)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-июлундагы № 210 "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 210
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-40>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2075/edition/1198321/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111254/st-40.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө, 40-берене (12.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-40

---

1. Администрациялык орган жол-жобонун катышуучуларынын өтүнүчү боюнча же өз демилгеси менен иш боюнча маалыматтар белгилүү болушу мүмкүн болгон адамдарды күбө катары чакырат жана алардын түшүндүрмөлөрүн угат.

2. Күбөнүн административдик жыйналышка келиши мүмкүн болбогон учурда, администрациялык орган анын түшүндүрмөлөрүн жазуу жүзүндө баяндоого уруксат берүүгө укуктуу. Күбө жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдүн ар бир бетине өзүнүн колтамгасын коет, алар күндү, айды жана жылды көрсөтүү менен администрациялык органдын мөөрү менен ырасталат.

---

Мурунку берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-39)  
Кийинки берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-41)
