# 39-берене. Иш жүзүндөгү жагдайларды ырастоо

- Документ: [Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111254)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-июлундагы № 210 "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 210
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-39>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2075/edition/1198321/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111254/st-39.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө, 39-берене (12.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-39

---

1. Административдик жол-жобону жүзөгө ашырууда иш жүзүндөгү жагдайларды ырастоо милдети төмөнкүлөргө жүктөлөт:

1) арызды канааттандырууга көмөктөш болгон иш жүзүндөгү жагдайлар болгондо - арыздануучуга;

2) арызды канааттандырууга көмөктөш болбогон иш жүзүндөгү жагдайлар болгондо - администрациялык органга.

2. Эгерде ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган учурда, жак ал административдик орган тарабынан гана каралуучу иш жүзүндөгү жагдайларга таандык маалыматтар менен таанышуусу мүмкүн болсо, анда иш жүзүндөгү жагдайларды ырастоо боюнча милдет ал администрациялык органга жүктөлөт.

3. Эгерде ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган учурда, каралуучу иш жүзүндөгү жагдайларга таандык маалыматтарга ээ болгон жак аркылуу гана администрациялык орган тарабынан ушул маалыматтар менен таанышуусу мүмкүн болсо, анда иш жүзүндөгү жагдайларды ырастоо боюнча милдет ал жакка жүктөлөт.

---

Мурунку берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-38)  
Кийинки берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-40)
