# 36-берене. Административдик жол-жобонун материалдарына жетүү

- Документ: [Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111254)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-июлундагы № 210 "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 210
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2075/edition/1198321/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111254/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө, 36-берене (12.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-36

---

1. Административдик жол-жобону жүзөгө ашыруу убагында администрациялык органдын ишинин ачыктыгын жана объективдүүлүгүн камсыз кылуу максатында жол-жобонун катышуучулары административдик жол-жобону жүзөгө ашыруучу органдагы иштин материалдары менен таанышууга укуктуу.

2. Администрациялык орган административдик жол-жобонун катышуучуларына иштин материалдары менен таанышуу жөнүндө арыз берилген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде иштин материалдары менен таанышууга мүмкүнчүлүк берүүгө милдеттүү.

Жол-жобонун катышуучулары иштин материалдарынан көчүрмөлөрдү тарттырып жана үзүндүлөрдү жазып алышы мүмкүн.

3. Иштин материалдарын берүүдө администрациялык орган мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка жашыруун сырлардын сакталышын камсыз кылууга милдеттүү. Мында көрсөтүлгөн маалымат менен таанышуунун жана пайдалануунун мыйзам менен белгиленген тартибин жана шарттарын сактоого милдеттүү.

---

Мурунку берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-35)  
Кийинки берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-37)
