36-берене. Административдик жол-жобонун материалдарына жетүү
Күчүндө · 12.02.2025 редакциясы · 6-глава
1. Административдик жол-жобону жүзөгө ашыруу убагында администрациялык органдын ишинин ачыктыгын жана объективдүүлүгүн камсыз кылуу максатында жол-жобонун катышуучулары административдик жол-жобону жүзөгө ашыруучу органдагы иштин материалдары менен таанышууга укуктуу.
2. Администрациялык орган административдик жол-жобонун катышуучуларына иштин материалдары менен таанышуу жөнүндө арыз берилген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде иштин материалдары менен таанышууга мүмкүнчүлүк берүүгө милдеттүү.
Жол-жобонун катышуучулары иштин материалдарынан көчүрмөлөрдү тарттырып жана үзүндүлөрдү жазып алышы мүмкүн.
3. Иштин материалдарын берүүдө администрациялык орган мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка жашыруун сырлардын сакталышын камсыз кылууга милдеттүү. Мында көрсөтүлгөн маалымат менен таанышуунун жана пайдалануунун мыйзам менен белгиленген тартибин жана шарттарын сактоого милдеттүү.
Берененин тексти 12.02.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
36-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111254/st-36" title="36-берене - Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>