# 32-берене. Административдик жол-жобо жөнүндө кабарлама

- Документ: [Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111254)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-июлундагы № 210 "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 210
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2075/edition/1198321/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111254/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө, 32-берене (12.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-32

---

1. Администрациялык орган административдик жол-жобо козголгондугу жөнүндө жол-жобонун катышуучуларына же алардын өкүлдөрүнө жол-жобо козголгон күндөн кийин үч жумушчу күндүн ичинде кабарлайт.

Администрациялык орган көрсөтүлгөн жактарга, зарыл болгон учурда күбөгө, экспертке, котормочуга, ошондой эле башка органдардын өкүлдөрүнө жол-жобону жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон иш-чаралардын орду, убактысы жана башка шарттары жөнүндө да кабарлайт.

2. Эгерде административдик жол-жобону козгоо менен административдик актыны кабыл алуунун ортосундагы убакыт аралыгы үч жумушчу күндөн ашыкты түзсө, административдик жол-жобону өз демилгеси боюнча козгогон учурда, администрациялык орган жол-жобонун катышуучуларына бул жөнүндө мыйзам менен белгиленген тартипте кабарлайт.

---

Мурунку берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-31)  
Кийинки берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-33)
