# 30-берене. Арызды кайра даректөө, аны кароосуз калтыруу

- Документ: [Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111254)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-июлундагы № 210 "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 210
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2075/edition/1198321/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111254/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө, 30-берене (12.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-30

---

1. Эгерде арыз компетенттүү эмес администрациялык органга берилсе, анда арызды алган администрациялык орган үч жумушчу күндүн ичинде бул жөнүндө арыздануучуга кабарлап, аны компетенттүү администрациялык органга кайра даректейт.

2. Эгерде арызда көрсөтүлгөн бир же бир нече талаптар башка администрациялык органдын компетенциясына таандык болсо, анда администрациялык орган бул жөнүндө арыздануучуга кабарлап, арызды бул бөлүктө компетенттүү администрациялык органга кайра даректейт.

Администрациялык органда анын компетенциясына таандык болгон арыздын бөлүгү боюнча административдик жол-жобо ушул Мыйзамдын 27-беренеси менен каралган тартипте козголот.

3. Ушул берене менен каралган учурларда, администрациялык орган кайра даректелген арыздын көчүрмөсүн, зарыл болгон учурда - ага тиркелген документтерди же алардын бөлүгүнүн көчүрмөлөрүн же тизмегин өзүндө сактайт.

4. Эгерде арыздын талаптары ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсүнө кирбесе, администрациялык орган арызды кароосуз калтыруу жөнүндө жүйөлүү чечим чыгарат, ал ушул Мыйзамдын 10 жана 11-главаларына ылайык даттанылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-29)  
Кийинки берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-31)
