# 29-берене. Арызды кабыл алуу жана кайтарып берүү

- Документ: [Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111254)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-июлундагы № 210 "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 210
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2075/edition/1198321/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111254/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө, 29-берене (12.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-29

---

1. Администрациялык орган кандай гана арыз болбосун кабыл алууга тийиш.

2. Эгерде арызда формалдуу кемчиликтер, анын ичинде ушул Мыйзамдын 28-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык келбөөлөр табылса, анда администрациялык орган ага бул өксүктөрдү оңдоо мүмкүнчүлүгүн берүү менен, аларды арыз берүүчүгө көрсөтөт. Бул эреже кемчиликтер даана грамматикалык, арифметикалык каталар, чийүүлөр, булгоолор жана башка көз көрүнө так эместиктер менен байланышкан учурларга жайылтылбайт.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн жоболору мындай каталарды, чийүүлөрдү жана булгоолорду четтетүү укугу жүктөлгөн ал документтерди кабыл алган же берген органга жайылтылбайт.

4. Эгерде арызга мыйзамда талап кылынган документтер тиркелбесе, анда администрациялык орган арыздануучуга мындай документтерди он жумушчу күндүн ичинде берүүнү сунуш кылат.

5. Эгерде арыздануучу тарабынан кемчиликтер ушул берененин 2 жана 4-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн тартипте жана мөөнөттө четтетилбесе, администрациялык орган арызды кайтарып берет.

6. Арызды кайтарып берүү жол берилген кемчиликтер четтетилгенден кийин аны менен жалпы тартипте экинчи жолу кайрылууга тоскоолдук кылбайт.

7. Арыздануучу администрациялык орган тарабынан арызды кайтарып берүү менен макул болбогон учурда, ал чечим ушул Мыйзамдын 10 жана 11-главаларына ылайык даттанылышы мүмкүн. Арызды кайтарып берүү укукка сыйбайт деп таанылганда, ал алгачкы кайрылган күндө берилди деп эсептелет.

---

Мурунку берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-28)  
Кийинки берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-30)
