# 27-берене. Административдик жол-жобо козгоонун негиздери

- Документ: [Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111254)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-июлундагы № 210 "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 210
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2075/edition/1198321/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111254/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө, 27-берене (12.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-27

---

1. Административдик жол-жобо козгоо үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:

1) жактын арызы;

2) компетенттүү администрациялык органдын демилгеси.

2. Арыз ушул Мыйзамдын 29, 30-беренелерине ылайык арыздануучуга кайтарылып берилген, компетенттүү администрациялык органга кайра даректелген же кароосуз калтырылган учурларды кошпогондо, ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган учурларда, тиешелүү арыз администрациялык органга келип түшкөн күндөн тартып административдик жол-жобо козголду деп эсептелет.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган учурларда, административдик жол-жобо администрациялык органдын демилгеси боюнча административдик актыны кабыл алууга жиберилген ошол аракет (ошол аракеттер) башталган күндөн тартып козголот.

4. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган учурларда, ушул Мыйзамдын 4-6-главаларынын тиешелүү жоболору колдонулат. Даттанууну берүүгө тиешелүү бөлүгүндө, ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган учурда 4-6-главаларынын жоболору менен катар ушул Мыйзамдын 10 жана 11-главаларынын жоболору да колдонулат.

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-28)
