# 25-берене. Административдик иштерди жүргүзүү жана эсепке алуу

- Документ: [Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111254)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-июлундагы № 210 "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 210
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2075/edition/1198321/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111254/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө, 25-берене (12.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-25

---

1. Административдик жол-жобо козголгон учурдан тартып администрациялык орган аталган административдик жол-жобону жүзөгө ашырууга тиешелүү бардык документтер, анын ичинде административдик жол-жобону жүзөгө ашыруунун натыйжасында кабыл алынган административдик акт (анын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү) сакталган административдик иш ачат.

2. Иштерди, аларды эсепке алуунун журналдарын жүргүзүүнүн, административдик актыларды эсепке алуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген типтүү жобонун негизинде администрациялык орган тарабынан белгиленет.

3. Иштер иш кагаздарын жүргүзүү боюнча мыйзамдар менен белгиленген эрежелерге ылайык сакталат жана мыйзам менен белгиленген тартипте архивге өткөрүлүп берилүүгө жатат.

---

Мурунку берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-24)  
Кийинки берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-26)
