# 23-берене. Административдик жол-жобону жүзөгө ашыруучу кызмат адамынын, эксперттин, котормочунун өзүнүн катышуусун алып коюусу

- Документ: [Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111254)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-июлундагы № 210 "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 210
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2075/edition/1198321/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111254/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө, 23-берене (12.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-23

---

1. Ушул Мыйзамдын 21-беренеси менен каралган негиздер болгондо, административдик жол-жобону жүзөгө ашыруучу административдик органдын жетекчиси, коллегиялык органынын мүчөсү же кызмат адамы, эксперт, котормочу өзүнүн катышуусун алып коюу жөнүндө токтоосуз билдирүүгө милдеттүү.

Административдик органдын жетекчиси өзүнүн катышуусун алып койгондо административдик жол-жобону анын орун басары, ал эми акыркысы болбогон учурда - анын ордун ээлөөгө ыйгарым укугу бар башка кызмат адамы жүзөгө ашырат. Эгерде административдик жол-жобону жүзөгө ашыруучу кызмат адамы өзүнүн катышуусун алып коюуну билдирсе, анда административдик органдын жетекчиси үч жумушчу күндүн ичинде өзүнүн катышуусун алып коюуну канааттандыруу жөнүндө же канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат. Эгерде коллегиялык органдын мүчөсү өзүнүн катышуусун алып коюуну билдирсе, анда ал орган административдик жол-жобону коллегиялык органдын калган мүчөлөрүнүн катышуусу менен, бирок кворум болгондо жүзөгө ашырат.

2. Өзүнүн катышуусун алып коюу жазуу жүзүндө билдирилет. Ал жүйөлүү болууга тийиш. Өзүнүн катышуусун алып коюу жөнүндө арыздын көчүрмөсү административдик жол-жобонун катышуучуларына жиберилет.

Өзүнүн катышуусун алып коюу даттанылышы мүмкүн эмес.

3. Эгерде ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдардын өзүнүн катышуусун алып коюу үчүн негиздер административдик жол-жобо башталгандан кийин белгилүү болсо, анда алар тиешелүү негиз пайда болгон жол-жобонун баскычында өзүнүн катышуусун алып коюуну билдирүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-24)
