22-берене. Баш тартуу
Күчүндө · 12.02.2025 редакциясы · 4-глава
1. Административдик жол-жобонун катышуучусу административдик жол-жобону жүзөгө ашыруучу кызмат адамына экспертти, котормочуну, ал эми административдик жол-жобо коллегиялык курамда жүзөгө ашырылган учурда, эгерде ушул Мыйзамдын 21-беренесинде каралган негиздердин бири болгондо, коллегиялык органдын курамынын кайсы мүчөсүнө болбосун баш тартуу билдирүүгө укуктуу.
2. Баш тартуу административдик жол-жобо аяктаганга чейин ушул Мыйзамдын 21-беренесинде аныкталган негиздердин бири бар экендиги белгилүү болгон учурдан тартып токтоосуз билдирилиши мүмкүн.
3. Эгерде анда жаңы негиздер же жаңы фактылар көрсөтүлсө, бир эле кызмат адамынан баш тартуу жөнүндө кайталап берилген арыз каралышы мүмкүн.
4. Баш тартуу боюнча арыз берилген чечим мүмкүн болгон эң кыска мөөнөттө токтоосуз кабыл алынууга жатат.
Кызмат адамынан же коллегиялык органдын мүчөсүнөн баш тартуу жөнүндө чечимди административдик жол-жобо жүзөгө ашырылып жаткан администрациялык органдын жетекчиси кабыл алат. Эгерде төмөн турган администрациялык органдын жетекчиси өз демилгеси боюнча административдик жол-жобону жүзөгө ашыруудан четтебесе, администрациялык органдын жетекчисинен баш тартуу жөнүндө чечим жогору турган администрациялык орган тарабынан кабыл алынат. Административдик органдын жетекчисинен баш тартуу канааттандырылган учурда, административдик жол-жобону анын ордуна орун басары, ал эми акыркысы болбогондо - анын ордун алмаштырган башка кызмат адамы жүзөгө ашырат. Эксперттен жана котормочудан баш тартуу жөнүндө чечим аталган административдик жол-жобону жүзөгө ашыруучу кызмат адамы же болбосо коллегиялык орган тарабынан кабыл алынат.
5. Экспертти же котормочунун ошол эле административдик жол-жобого эксперт же котормочу катары мурда катышуусу андан баш тартуу үчүн негиз болуп саналбайт.
6. Баш тартуу боюнча жүйөлүү чечим жазуу жүзүндө жол-жоболоштурулууга тийиш. Ал даттанылышы мүмкүн эмес.
7. Арыз берилген катышуусун алдыруу боюнча чечимдин көчүрмөсү аларды маалымдоо максатында административдик жол-жобонун катышуучуларына жиберилет.
Берененин тексти 12.02.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
22-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111254/st-22" title="22-берене - Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>