# 21-берене. Административдик жол-жобону жүзөгө ашырууда администрациялык органдын коллегиялык органынын мүчөсүнүн, кызмат адамынын, эксперттин, котормочунун катышуусун чектөөлөр

- Документ: [Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111254)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-июлундагы № 210 "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 210
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2075/edition/1198321/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111254/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө, 21-берене (12.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-21

---

1. Администрациялык органдын коллегиялык органынын мүчөсү же кызмат адамы, эксперт жана котормочу төмөнкү учурларда административдик жол-жобону жүзөгө ашырууга катышууга укуксуз:

1) эгерде алар арыздануучунун, кызыкдар тараптын же анын өкүлүнүн жакын туугандары болуп саналса;

2) эгерде алар же жакын туугандарынан кимдир бирөө арыздануучу катары чыккан юридикалык жактын башкаруу органынын мүчөлөрү, кызыкдар тарап болуп саналса;

3) эгерде алар иштин бүтүшүнө жеке, тикелей же кыйыр кызыкдар болсо же болбосо алардын калыстыгына жана бейтараптыгына шек саноону туудурган башка жагдайлар болсо.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жакын туугандар деп төмөнкүлөр түшүнүлөт:

1) административдик жол-жобонун катышуучусунун ата-энеси, жубайы, балдары, неберелери, чоң аталары, чоң энелери, таяталары, таенелери, ага-инилери, эже-карындаштары, эже-сиңдилери, атасынын ага-инилери, атасынын эже-карындаштары, энесинин ага-инилери, энесинин эже-сиңдилери, аталаш ага-инилери жана эже-карындаштары, эже-сиңдилери;

2) административдик жол-жобонун катышуучусунун жубайы менен тиешелүү туугандык мамиледе турган, ушул бөлүктүн 1-пунктунда саналып өткөн адамдар;

3) административдик жол-жобонун катышуучусунун күйөө баласы, келини, күйөөсүнүн атасы, күйөөсүнүн энеси, аялынын атасы, аялынын энеси болуп саналган адамдар.

3. Эгерде алар мурда ал административдик жол-жобону жүзөгө ашырууда эксперт, котормочу, өкүл же күбө катары катышса, администрациялык органдын коллегиялык органынын мүчөсү же кызмат адамы административдик жол-жобону жүзөгө ашырууга да катышууга укуксуз.

4. Эгерде жол-жобонун катышуучусунан, анын өкүлүнөн же болбосо администрациялык органдын кызмат адамынан кызматтык же экономикалык көз карандылыкта болсо, эксперт да административдик жол-жобону жүзөгө ашырууга катышууга укуксуз.

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-22)
