# 20-берене. Өкүлчүлүк кылуу укугу

- Документ: [Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111254)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-июлундагы № 210 "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 210
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2075/edition/1198321/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111254/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө, 20-берене (12.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-20

---

1. Жол-жобонун катышуучулары ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелерге жеке, мыйзамдуу же ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу же болбосо алар менен бирге катышууга укуктуу.

2. Төмөнкүлөр жол-жобонун катышуучусунун өкүлдөрү деп таанылат:

1) мыйзамдын же анын уюштуруу документтеринин негизинде юридикалык жакка өкүл болууга ыйгарым укуктуу адамдар;

2) жарандык мыйзамдарга ылайык мыйзамдуу же ыйгарым укуктуу өкүлдөр катары чыгуучу адамдар.

3. Ал администрациялык органда же болбосо өзүнө түздөн-түз баш ийген же анын контролунда болгон органда мамлекеттик же муниципалдык кызматта турган адам арыздануучунун өкүлү болууга укуксуз.

4. Ушул Мыйзамдын 19-беренесинде көрсөтүлгөн башка жактар административдик ишке түздөн-түз катышат.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-21)
