# 2-берене. Ушул Мыйзамдын колдонуу чөйрөсү

- Документ: [Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111254)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-июлундагы № 210 "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 210
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.02.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 27.01.2025 [Закон КР от 27 января 2025 года № 28 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере доступа к информации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021237); 30.06.2022 [Закон Кыргызской Республики от 30 июня 2022 года N 53 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам разведывательной и контрразведывательной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112391)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111254#diff=26272..27645>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2075/edition/1198321/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111254/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө, 2-берене (12.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-2

---

1. Ушул Мыйзамдын 1-3-главаларынын, 15-главасынын колдонулушу администрациялык органдардын коомдук-укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү аракеттерине жайылтылат.

2. Ушул Мыйзамдын 4-15-главаларынын колдонулушу администрациялык органдардын административдик актыны кабыл алуу менен аяктоочу аракеттерине жайылтылат. Ушул Мыйзамдын 10-15-главаларынын колдонулушу администрациялык органдардын адамдар үчүн иш жүзүндө кесепеттерди алып келүүчү аракеттерине же аракетсиздиктерине да жайылтылат.

3. Айрым администрациялык органдардын административдик ишинин өзгөчөлүктөрү ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге карама-каршы келбеген атайын мыйзамдар менен аныкталат.

4. Ушул Мыйзамдын колдонулушу төмөнкүлөргө жайылтылбайт:

1) Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарынын (мындан ары - мыйзамдар) ченемдери менен жөнгө салынуучу мамилелерге;

2) изин суутпай издөө, тышкы чалгындоо жана контрчалгындоо иши жөнүндө мыйзамдар менен жөнгө салынуучу мамилелерге;

3) административдик укук бузуулар жөнүндө мыйзамдар менен жөнгө салынуучу мамилелерге;

4) ченемдик укуктук актылар жөнүндө мыйзамдар менен жөнгө салынуучу мамилелерге;

5) шайлоо укугунун ченемдери, референдум жөнүндө мыйзамдар менен жөнгө салынуучу мамилелерге;

6) эгерде ушул Мыйзамда башка каралбаса, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдар менен жөнгө салынуучу жарандык-укуктук мамилелерге;

7) нотариалдык аракеттерди жасоо менен байланышкан мамилелерге;

8) соттук актыларды аткаруу менен байланышкан мамилелерге;

9) эмгек укугу, мамлекеттик кызмат, аскердик кызмат, укук коргоо органдарында кызмат өтөө жана аларды токтотуу жөнүндө мыйзамдар менен жөнгө салынуучу мамилелерге;

10) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жүзөгө ашырылуучу административдик жол-жоболорду кошпогондо, банк мыйзамдары менен жөнгө салынуучу мамилелерге;

11) банкроттук жөнүндө мыйзамдар менен жөнгө салынуучу мамилелерге;

12) консулдук аракеттерди жасоо менен байланышкан мамилелерге;

13) Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана токтотуу менен байланышкан мамилелерге;

14) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо менен байланышкан мамилелерге;

15) качкындар жана жер которгондор жөнүндө мыйзамдар менен жөнгө салынуучу мамилелерге;

16) тышкы миграция жөнүндө мыйзамдар менен жөнгө салынуучу мамилелерге.

17) маалымат алуу укугу жөнүндө мыйзамдар менен жөнгө салынуучу мамилелерге.

17) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары менен жөнгө салынуучу мамилелерге.

(КР 2022-жылдын 30-июнундагы № 53 , 2025-жылдын 27-январындагы № 28, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-3)
