# 18-берене. Административдик жол-жобонун катышуучулары

- Документ: [Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111254)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-июлундагы № 210 "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 210
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2075/edition/1198321/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111254/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө, 18-берене (12.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-18

---

1. Арыздануучу, кызыкдар жактар, администрациялык орган, администрациялык органдын кызмат адамы административдик жол-жобонун катышуучулары (мындан ары - жол-жобонун катышуучулары) болуп саналат.

2. Кызыкдар жак өз арызынын негизинде, арыздануучунун өтүнүчү же администрациялык органдын демилгеси боюнча административдик жол-жобого тартылышы мүмкүн.

3. Жашы жетпеген мыйзам менен он сегиз жашка толгонго чейин никеге турууга жол берилген учурда, никеге турган убактан тартып, ошондой эле ал мыйзам менен белгиленген тартипте толук жөндөмдүү (эмансипация) деп таанылган учурда администрациялык органда өзүнүн процесстик укуктарын жана процесстик милдеттерин жеке жүзөгө ашырууга укуктуу.

4. Он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы жашы жетпегендердин, ошондой эле жөндөмдүүлүгү чектелүү деп таанылган жарандардын укуктары, эркиндиктери жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктары алардын ата-энелери, асырап алуучулары же көзөмөлчүлөрү тарабынан администрациялык органда корголот, бирок администрациялык орган мындай иштерде катышууга жашы жетпегендердин же жөндөмдүүлүгү чектелүү деп таанылган жарандардын өзүн тартууга укуктуу.

5. Административдик иштер боюнча мыйзамда каралган учурларда жашы жетпегендер өз укуктарын жана мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарын администрациялык органда жеке коргоого укуктуу. Бирок администрациялык орган мындай иштерге катышууга жашы жетпегендердин мыйзамдуу өкүлдөрүн тартууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-19)
