# 17-берене. Административдик жол-жобонун баскычтары

- Документ: [Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111254)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-июлундагы № 210 "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 210
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2075/edition/1198321/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111254/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө, 17-берене (12.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-17

---

1. Административдик жол-жобо өз ара байланышкан баскычтардан: жол-жобону козгоодон, кароодон жана аяктоодон турат.

2. Административдик жол-жобо жактын (жактардын) арызынын же администрациялык органдын демилгесинин негизинде козголот.

3. Административдик иш ушул Мыйзам менен белгиленген тартипте каралууга жатат.

4. Административдик актыны кабыл алуу административдик жол-жобонун аяктоочу баскычы болуп саналат.

5. Адамдардын өмүрүн жана ден соолугун, айлана чөйрөнүн коопсуздугун камсыз кылуу менен байланышкан чукул учурларда, ошондой эле пайда болгон зыяндуу кесепеттерди четтетүү үчүн же мыйзамда каралган башка учурларда административдик жол-жобо административдик актыны кабыл алуу менен гана чектелиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-18)
