# 14-берене. Администрациялык органдардын өз ара аракеттенүү (өз ара жардамдашуу) милдети

- Документ: [Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111254)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-июлундагы № 210 "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 210
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2075/edition/1198321/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111254/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө, 14-берене (12.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-14

---

1. Администрациялык органдар өздөрүнүн административдик жол-жоболорун жүзөгө ашырууда өз ара аракеттенүүгө (өз ара жардам көрсөтүүгө) милдеттүү. Өз ара жардамдашуу администрациялык органдын кайрылуусунун негизинде жүзөгө ашырылат.

2. Эгерде өз ара жардамдашууну бир нече администрациялык органдар көрсөтүүсү мүмкүн болгон учурда, анда өтүнүч жиберген администрациялык орган өз пикири боюнча зарыл болгон өз ара жардамдашууну өтө натыйжалуу ыкма менен жана кыска мөөнөттө көрсөтө ала турган администрациялык органга (мындан ары - өтүнүч жиберилген администрациялык орган) кайрылууга тийиш.

3. Эгерде өтүнүлгөн өз ара жардамдашууну жүзөгө ашыруу өтүнүч жиберилген администрациялык органдын компетенциясына кирбеген учурда, анда ал өз ара жардамдашуу жөнүндө суроо-талапты тиешелүү компетенттүү администрациялык органга кайра даректөөгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-15)
