# 13-берене. Административдик иштердин ведомстволук караштуулугу

- Документ: [Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111254)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-июлундагы № 210 "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 210
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2075/edition/1198321/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111254/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө, 13-берене (12.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-13

---

1. Административдик иштер тиешелүү администрациялык органдар, алардын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрү, алардын кызмат адамдары тарабынан алардын Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында белгиленген компетенциясына ылайык каралат.

2. Кызыкдар жактардын укуктарын токтотуу жөнүндөгү административдик иштер, мыйзам тарабынан белгиленген учурларды кошпогондо, мындай укуктарды берүү, ырастоо же каттоо жөнүндө административдик иштерди кароо ыйгарым укуктуу ошол эле администрациялык органдарга караштуу.

3. Администрациялык орган кызыкдар жактын кайрылуусунда көрсөтүлгөн маселелерди чечүү боюнча өз компетенциясын өз алдынча текшерүүгө милдеттүү.

4. Эгерде администрациялык орган маселени чечүү өз компетенциясына кирбегендигин белгилесе, анда ал административдик ишти кароодон жазуу жүзүндө баш тартат жана аны токтоосуз компетенттүү органдын кароосуна жиберип, ал жөнүндө кызыкдар жакка кабарлайт.

5. Компетенттүүлүктү администрациялык органдын жана арыздануучунун ортосундагы макулдашуу менен негиздөөгө жол берилбейт.

6. Эгерде администрациялык органдын компетенциясы жөнүндө талаш-тартыш келип чыккан учурда, административдик иш боюнча тиешелүү чечим чыгарууда администрациялык орган өз компетенциясын негиздөөгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-14)
