Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
13-берене. Административдик иштердин ведомстволук караштуулугу
Күчүндө · 12.02.2025 редакциясы · 3-глава
1. Административдик иштер тиешелүү администрациялык органдар, алардын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрү, алардын кызмат адамдары тарабынан алардын Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында белгиленген компетенциясына ылайык каралат.
2. Кызыкдар жактардын укуктарын токтотуу жөнүндөгү административдик иштер, мыйзам тарабынан белгиленген учурларды кошпогондо, мындай укуктарды берүү, ырастоо же каттоо жөнүндө административдик иштерди кароо ыйгарым укуктуу ошол эле администрациялык органдарга караштуу.
3. Администрациялык орган кызыкдар жактын кайрылуусунда көрсөтүлгөн маселелерди чечүү боюнча өз компетенциясын өз алдынча текшерүүгө милдеттүү.
4. Эгерде администрациялык орган маселени чечүү өз компетенциясына кирбегендигин белгилесе, анда ал административдик ишти кароодон жазуу жүзүндө баш тартат жана аны токтоосуз компетенттүү органдын кароосуна жиберип, ал жөнүндө кызыкдар жакка кабарлайт.
5. Компетенттүүлүктү администрациялык органдын жана арыздануучунун ортосундагы макулдашуу менен негиздөөгө жол берилбейт.
6. Эгерде администрациялык органдын компетенциясы жөнүндө талаш-тартыш келип чыккан учурда, административдик иш боюнча тиешелүү чечим чыгарууда администрациялык орган өз компетенциясын негиздөөгө милдеттүү.
Берененин тексти 12.02.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111254/st-13" title="13-берене - Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>