# 10-берене. "Чоң өзүнө кичинени камтыйт" принциби

- Документ: [Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111254)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-июлундагы № 210 "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 210
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2075/edition/1198321/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111254/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө, 10-берене (12.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-10

---

1. Администрациялык орган административдик жол-жоболорду жасоодо ошол эле адамдар тарабынан жасалган ушундай эле аракеттерди же башка аракеттердин алкагында өз мазмуну боюнча ал алкакка кирген же кириши мүмкүн болгон аракеттерди жасоону талап кылууга укуксуз.

2. Эгерде администрациялык органдарга берилген документтер (маалыматтар) зарыл болгон башка документтердин мазмунун өзүнө камтыса, анда акыркылары кошумча же өзүнчө талап кылынышы мүмкүн эмес.

3. Эгерде администрациялык органдар тарабынан берилген уруксат өзүнө мааниси жагынан башка уруксат берүүлөрдү да камтыса, анда алар да берилген болуп эсептелет.

4. Эгерде мыйзамдар менен башка каралбаса, ушул берененин жоболору колдонулат.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111254/st-11)
