# 9-берене. Камсыздандырылуучунун укуктары жана милдеттери

- Документ: [Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111253)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-июлундагы № 209 "Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 209
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 июня 2021 года № 82 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об обязательном страховании жилых помещений от пожара и стихийных бедствий""](https://aqlex.ai/kg/doc/112264)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111253#diff=1075117..1075118>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111253/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111253/edition/1075117/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111253/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө, 9-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111253/st-9

---

1. Камсыздандырылуучу төмөнкүлөргө укуктуу:

1) милдеттүү камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полиси) жоголуп кеткенде анын жупнускасын алууга;

2) камсыздандырып ордун толтуруунун суммасына макул болбогон учурда турак жайга келтирилген залалдын өлчөмүн аныктоо үчүн көз каранды эмес эксперттин кызматын пайдаланууга;

3) камсыздандыруучу жүргүзгөн, келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоонун жыйынтыктары жана камсыздандырып ордун толтуруунун өлчөмүнүн эсептери менен таанышууга;

4) камсыздандыруучунун камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүүдөн баш тартуу же анын өлчөмүн азайтуу жөнүндө чечимин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте талашып-тартышууга;

5) камсыздандырып ордун толтурууну алууга;

6) кезектеги камсыздандыруу мезгилине (жылына) камсыздандыруу полиси болгон шартта, Кыргыз Республикасынын аймагында болгон табигый кырсыктардын натыйжасында бузулган турак жайларды курууга, кайра конструкциялоого мамлекеттик субсидияларды алууга.

2. Камсыздандырылуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) Кыргыз Республикасынын аймагында милдеттүү камсыздандырууну жүзөгө ашырууга лицензиясы бар камсыздандыруучу менен милдеттүү камсыздандыруу келишимин (камсыздандыруу полисин) түзүүгө;

2) милдеттүү камсыздандыруу келишимине (камсыздандыруу полисине) киргизүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды камсыздандыруучуга берүүгө;

3) милдеттүү камсыздандыруу келишиминде белгиленген өлчөмдө, тартипте жана мөөнөттө камсыздандыруу сый төлөмдөрүн төлөөгө;

4) камсыздандыруунун ошол эле объектисине карата башка камсыздандыруу келишими түзүлгөндүгү жөнүндө камсыздандыруучуга билдирүүгө;

5) камсыздандыруу тобокелдигинин өсүшү (камсыздандыруу келишими боюнча зыяндын ордунун толтурулушуна же толтурулбашына карабастан, турак жайдын ижарага, күрөөгө, башка адамдын пайдаланышына же карамагына берилиши, турак жайга болгон менчиктин башка адамга өтүшү, турак жайды оңдоонун жасалышы, анын кайра курулушу же кайра жабдылышы, коопсуздук режиминин өзгөрүшү, мүлктүн зыянга учурашы же жок кылынышы д.у.с.) жөнүндө камсыздандыруучуга эки жумушчу күндөн кечиктирбестен билдирүүгө;

6) он беш календардык күндөн кечиктирбестен камсыздандыруучуга камсыздандыруу окуясынын болгондугу жөнүндө билдирүүгө (телефон, факс, электрондук почта аркылуу, кабардаманын жазуу жүзүндөгү түп нускасын кийин жөнөтүү менен);

7) камсыздандыруу окуясынын болуу коркунучунун келип чыгышы жөнүндө ага белгилүү болгон учурдан тартып өрткө каршы жана авариялык кызматтардын органдарына токтоосуз билдирүүгө;

8) мүмкүн болуучу зыяндардын алдын алуу же анын көлөмүн азайтуу үчүн чараларды көрүүгө, анын ичинде мүлктү жана турак жайды сактоо боюнча чараларды көрүүгө;

9) камсыздандыруу окуясы болгондон кийин турак жайды карап чыгууну жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыздандыруучунун өкүлүнө камсыз кылууга;

10) камсыздандыруу окуясынын болушун далилдөөгө жана камсыздандыруучунун талабы боюнча ушул Мыйзамдын 13-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык зарыл документтерди берүүгө;

11) камсыздандыруу окуясынын болушуна жоопкер адамга карата талап коюу укугунун (суброгациянын) камсыздандыруучуга өтүшүн камсыз кылууга.

3. Камсыздандыруучу болбогон учурда камсыздандырылуучунун бардык милдеттери анын жашы жеткен үй-бүлө мүчөсүнө же болбосо ал ыйгарым укук берген жакка жүктөлөт.

4. Камсыздандырылуучунун Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына каршы келбеген башка укуктары жана милдеттери милдеттүү камсыздандыруу келишиминде каралышы мүмкүн.

(КР 2021-жылдын 30-июнундагы № 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111253/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111253/st-10)
