# 7-берене. Милдеттүү камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полиси)

- Документ: [Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111253)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-июлундагы № 209 "Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 209
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Күчүнө кире элек өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 24 июля 2026 года № 122 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "Об обязательном страховании жилых помещений от пожара и стихийных бедствий")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049076)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 июня 2021 года № 82 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об обязательном страховании жилых помещений от пожара и стихийных бедствий""](https://aqlex.ai/kg/doc/112264)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 24.07.2026 [Закон Кыргызской Республики от 24 июля 2026 года № 122 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "Об обязательном страховании жилых помещений от пожара и стихийных бедствий")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049076) (күчүнө кире элек); 30.06.2021 [Закон КР от 30 июня 2021 года № 82 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об обязательном страховании жилых помещений от пожара и стихийных бедствий""](https://aqlex.ai/kg/doc/112264)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111253#diff=1075119..56438>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111253/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111253/edition/1075117/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111253/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө, 7-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111253/st-7

---

1. Милдеттүү камсыздандыруу камсыздандырылуучу менен камсыздандыруучунун ортосунда түзүлгөн келишимдин (камсыздандыруу полисинин) негизинде жүзөгө ашырылат.

11. Турак жайды камсыздандырууну каалаган адам милдеттүү камсыздандырууну жүзөгө ашыруучу камсыздандыруучуну эркин тандоо укугуна ээ.

Милдеттүү камсыздандыруу келишими айкын болуп саналат. Ушул Мыйзамдын 6-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, камсыздандыруучу ага милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү жөнүндө арызы менен кайрылган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу эрежелеринде каралган документтерди берген адамга милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүдөн баш тартууга укуксуз.

2. Милдеттүү камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полиси) төмөнкүдөй негизги шарттарды камтууга тийиш:

1) камсыздандыруу полисинин тараптарын (камсыздандыруучуну, камсыздандырылуучуну);

2) пайдасына камсыздандыруу полиси түзүлгөн жакты (пайда табуучуну);

3) камсыздандыруунун объектисин - турак жайды;

4) болгон учурда камсыздандыруу төлөмдөрү төлөнүп бериле турган камсыздандыруу окуяларын;

5) камсыздандыруу суммасынын өлчөмүн;

6) камсыздандыруу сый төлөмдөрүнүн өлчөмүн жана аларды төлөө мөөнөтүн;

7) колдонуу мөөнөтүн;

8) камсыздандыруу объектисинин аймактык турган жерин жана камсыздандыруу аймагынын дарегин көрсөтүү менен камсыздандыруу аймагын.

3. Камсыздандыруу полисинин шарттары ушул Мыйзамдын талаптарына жана Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу эрежелерине ылайык келүүгө тийиш.

4. Камсыздандыруучунун, Кыргыз Республикасынын аймагындагы анын бардык өкүлдөрүнүн турган жери жана почта боюнча даректери, алар менен байланышуу каражаттары жана алардын иштөө убакыттары жөнүндө маалыматтар камсыздандыруу полисинде көрсөтүлүүгө тийиш.

5. Турак жайга милдеттүү камсыздандыруу полиси жок болгон же болбосо турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан исламдык камсыздандыруу принциптери (такафул) боюнча камсыздандыруу келишими жок болгон учурда камсыздандыруу уюмдары тарабынан турак жайды ыктыярдуу камсыздандыруу келишимин түзүүгө тыюу салынат.

Ыктыярдуу камсыздандыруу келишимин милдеттүү камсыздандырууну жабуу лимитинен ашык кошумча камсыздандырууну жабуу же болбосо турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан исламдык камсыздандыруу принциптери (такафул) боюнча камсыздандыруу келишими түрүндө гана түзүүгө мүмкүн болот.

(КР 2021-жылдын 30-июнундагы № 82, 2026-жылдын 24-июлундагы № 122 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111253/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111253/st-8)
