# 6-берене. Милдеттүү камсыздандыруу объектиси

- Документ: [Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111253)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-июлундагы № 209 "Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 209
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111253/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111253/edition/1075117/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111253/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө, 6-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111253/st-6

---

1. Камсыздандыруу окуясынын болушунун жана тикелей таасиринин натыйжасында турак жайдын, анын ичинде турак жайдын конструкциялык элементтеринин (чатырынын, дубалынын, пайдубалынын, каалгаларынын, терезелеринин, газ түтүк, суу түтүк, жылытуу жана каналдаштыруу тутумдарынын), турак жайдын жасалгалоо элементтеринин жок кылынышына же бузулушуна байланышкан камсыздандырылуучунун мүлктүк кызыкчылыктары милдеттүү камсыздандыруунун объектиси болуп саналат.

2. Төмөнкүдөй турак жайлар милдеттүү камсыздандырылууга жатпайт:

1) авариялык абалда болгон;

2) ыйгарым укуктуу орган бузуу жөнүндө чечим кабыл алган учурдан тартып бузула турган же багытын өзгөртүү жөнүндө арыз ыйгарым укуктуу органга берилген учурдан тартып турак жай эмес курулушка багыты өзгөртүлүүчү үйлөрдө (курулуштарда) жайгашкан;

3) милдеттенмелер боюнча өндүрүп алуу чегерилген;

4) жер тилкесинин алып коюлушуна байланыштуу менчиктен ажыратылуучу үйлөрдө (курулуштарда) жайгашкан;

5) техникалык талаптарды бузуу менен курулган;

6) конфискацияланууга жаткан.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111253/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111253/st-7)
