# 4-берене. Негизги түшүнүктөр

- Документ: [Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111253)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-июлундагы № 209 "Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 209
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Күчүнө кире элек өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 24 июля 2026 года № 122 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "Об обязательном страховании жилых помещений от пожара и стихийных бедствий")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049076)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 июня 2021 года № 82 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об обязательном страховании жилых помещений от пожара и стихийных бедствий""](https://aqlex.ai/kg/doc/112264)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 24.07.2026 [Закон Кыргызской Республики от 24 июля 2026 года № 122 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "Об обязательном страховании жилых помещений от пожара и стихийных бедствий")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049076) (күчүнө кире элек); 30.06.2021 [Закон КР от 30 июня 2021 года № 82 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об обязательном страховании жилых помещений от пожара и стихийных бедствий""](https://aqlex.ai/kg/doc/112264)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111253#diff=1075119..56438>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111253/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111253/edition/1075117/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111253/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө, 4-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111253/st-4

---

Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:

1) пайда табуучу - турак жайдын менчик ээси же менчик ээсинин мураскору, же болбосо укук улантуучусу болуп саналган жак;

2) (КР 2021-жылдын 30-июнундагы № 82 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3) (КР 2021-жылдын 30-июнундагы № 82 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4) турак жайды милдеттүү камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полиси) - камсыздандыруу келишими, ага ылайык камсыздандыруучу келишимде шартталган акыны (камсыздандыруу сый төлөмүн) келишимде каралган окуя (камсыздандыруу окуясы) болгондо ушул окуянын натыйжасында турак жайга келтирилген зыяндын ордун камсыздандырылуучуга же болбосо пайда табуучуга келишимде аныкталган сумманын (камсыздандыруу суммасынын) чегинде толтурууга (камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүүгө) милдеттүү;

5) турак жай - жеке жактын же юридикалык жактын жеке менчигинде турган (жеке турак үй; жеке турак үйдүн бөлүгү; көп батирлүү үйдөгү батир; коммуналдык батир; адистештирилген турак жай фондусунун үйлөрүндөгү бөлмө; мейманкана, мейманкана түрүндөгү турак үй), туруктуу же убактылуу жашоого арналган жана пайдаланылган, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген техникалык, санитардык жана башка милдеттүү талаптарга жооп берген турак жай фондусунун өзүнчө бирдиги;

6) турак жайды пайдалануу - турак жайды иштетүү, анда жашап туруу;

7) көз карандысыз эксперт - ушул Мыйзамда каралган камсыздандыруу окуясынын натыйжасында турак жайга келтирилген залалдын өлчөмүнө баалоо жүргүзүү үчүн милдеттүү камсыздандырууга катышуучулар (камсыздандыруучу, камсыздандырылуучу, пайда табуучу) ишке тарткан кызыкдар эмес жеке же юридикалык жак;

8) өрт - турак жайга материалдык залалдарды келтирген, контролдоого мүмкүн болбогон күйүү процесси;

9) табигый кырсык - чукул мүнөзгө ээ болгон жана турак жайдын бузулушуна жана (же) кыйрашына алып келген жаратылыш кубулушу;

10) камсыздандырылуучу - камсыздандыруучу менен милдеттүү камсыздандыруу келишимин (камсыздандыруу полисин) түзгөн юридикалык же аракетке жарамдуу жеке жак;

11) камсыздандыруу сый төлөмү - келишимде шартталган, камсыздандырылуучу милдеттүү камсыздандыруу келишиминде (камсыздандыруу полисинде) белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө төлөөгө милдеттүү акы;

12) камсыздандыруу суммасы - камсыздандыруучу милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүүгө милдеттенген сумма;

13) камсыздандырып ордун толтуруу - камсыздандыруу окуясы болгон учурда милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруучу төлөөчү сумма;

14) камсыздандыруу окуясы - камсыздандыруу объектисине тийген тикелей таасиринин натыйжасында камсыздандырылуучунун турак жайынын жок болуусуна жана бузулуусуна алып келген окуя, анын болушу менен камсыздандыруучунун ушул Мыйзамда жана камсыздандыруу келишиминде (камсыздандыруу полисинде) каралган камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүүгө милдеттүүлүгү келип чыгат;

15) камсыздандыруу тобокелдиги - болуу учуруна камсыздандыруу жүргүзүлгөн болжолдонгон окуя;

16) камсыздандыруу тарифтери - милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу сый төлөмдөрүн аныктоодо камсыздандыруучу колдоно турган, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген баа коюмдары;

17) камсыздандыруучу - Кыргыз Республикасынын аймагында милдеттүү камсыздандырууну ишке ашырууга лицензиясы бар юридикалык жак;

18) камсыздандыруу аймагы - милдеттүү камсыздандыруу келишимин колдонуу мезгилинде камсыздандыруу окуясы болгон аймак;

19) турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу пулу (мындан ары - камсыздандыруу пулу) - турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу келишимдери боюнча милдеттенмелерди аткаруу максатында каражаттары камсыздандыруу уюмдарынан түшүүчү камсыздандыруу сый төлөмдөрүнүн бир бөлүгүнүн эсебинен түзүлүүчү юридикалык жак;

20) камсыздандыруу франшизасы - милдеттүү камсыздандыруу келишиминде аныкталган жана кызыкчылыгы милдеттүү камсыздандыруу келишиминин шарттарына ылайык камсыздандырылган камсыздандырылуучуга же пайда табуучуга камсыздандыруучу тарабынан орду толтурулууга тийиш болбогон жана камсыздандыруу суммасынан белгилүү бир пайыз түрүндө белгиленген чыгымдардын бөлүгү.

Эгерде зыяндын өлчөмү шартсыз камсыздандыруу франшизасынын өлчөмүнөн ашып кетсе, анда шартсыз камсыздандыруу франшизасынын өлчөмү эсептен чыгарылгандан кийинки зыяндын орду толтурулат. (КР 2021-жылдын 30-июнундагы № 82, 2026-жылдын 24-июлундагы № 122 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111253/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111253/st-5)
