# 18-берене. Камсыздандыруу пулун түзүү

- Документ: [Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111253)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-июлундагы № 209 "Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 209
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Күчүнө кире элек өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 24 июля 2026 года № 122 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "Об обязательном страховании жилых помещений от пожара и стихийных бедствий")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049076)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111253#diff=1075119..56438>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111253/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111253/edition/1075117/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111253/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө, 18-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111253/st-18

---

1. Камсыздандыруу пулу жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

2. Камсыздандыруу пулуна карата талаптар, түзүү, иштетүү, башкаруу, ишти токтотуу, каражаттарды инвестициялоо жана пайдалануу тартиби, камсыздандыруу пулунун уюштуруу-укуктук формасы, ошондой эле камсыздандыруу сый төлөмдөрүнөн камсыздандыруу пулуна чегерүүлөрдүн өлчөмү жана тартиби, камсыздандыруу пулунун камсыздандыруу рыногунун катышуучулары менен өз ара аракеттенүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

Мында:

1) камсыздандыруу пулунун кызмат адамдарына карата квалификациялык талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат;

2) камсыздандыруу пулу турак жайларды милдеттүү камсыздандыруунун алкагында келип чыгуучу милдеттенмелер боюнча жоопкерчилик алат;

3) камсыздандыруу пулунун курамында өзгөчө кырдаалдар үчүн фонд түзүүнү караган тобокелдиктерди башкарууга, кайра камсыздандырууга карата талаптар, ошондой эле кредиттик линияларды жана кепилдиктерди пайдалануу шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

Камсыздандыруу пулу тарабынан отчетторду берүү жана маалыматты ачыктоо тартиби, формалары жана мөөнөттөрү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат;

4) камсыздандыруу пулунун жана/же анын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин же аракетсиздигинин натыйжасында камсыздандырылуучуга (пайда табуучуга) келтирилген зыян камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык жөнгө салынууга же каралууга тийиш.

3. Камсыздандыруу пулу жөнүндө жобо төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

1) камсыздандыруу пулун башкаруу жана иштетүү эрежелерин;

2) камсыздандыруу уюмдарын камсыздандыруу пулунун маалымат тутумуна кошуу тартибин жана шарттарын;

3) камсыздандыруу уюмдарынын камсыздандыруу пулуна кирүүсү үчүн келишимдин формасын жана талаптарын.

4. Милдеттүү камсыздандыруу полистерин сатуу боюнча операциялар камсыздандыруу уюмдары тарабынан камсыздандыруу пулунун бирдиктүү маалымат тутуму аркылуу жүргүзүлүүгө тийиш.

5. Камсыздандыруу пулу камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жактырылган кайра камсыздандыруу программасына ылайык кабыл алынган тобокелдиктерди кайра камсыздандырууну жүзөгө ашыра алат.

6. Камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык турак жайды милдеттүү камсыздандыруу боюнча ишти жүргүзүүгө укуктуу камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары камсыздандыруу пулуна кирүүгө милдеттүү.

7. Камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу пулунун ишин контролдоону жана көзөмөлдөөнү, анын ичинде анын төлөө жөндөмдүүлүгүн, камсыздандырылган адамдардын алдында милдеттенмелерди сактоосун контролдоону жүзөгө ашырат.

(КР 2026-жылдын 24-июлундагы № 122 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111253/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111253/st-19)
