# 17-берене. Анык (рыноктук) наркка камсыздандыруу

- Документ: [Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111253)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-июлундагы № 209 "Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 209
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111253/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111253/edition/1075117/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111253/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө, 17-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111253/st-17

---

1. Камсыздандыруучу менен камсыздандырылуучунун ортосундагы макулдашуу боюнча турак жайдын камсыздандыруу суммасы көбөйтүлүшү мүмкүн, бирок ал турак жайдын анык (рыноктук) наркынан ашпоого тийиш. Турак жайдын анык (рыноктук) наркы жана камсыздандыруу сый төлөмү мындай учурда камсыздандыруучунун жана ыктыярдуу камсыздандырылуучунун ортосундагы макулдашуу боюнча аныкталат жана ыктыярдуу камсыздандыруунун өзүнчө келишими түзүлөт.

2. Эгерде камсыздандыруу суммасы турак жайдын чыныгы (рыноктук) наркына барабар суммада болсо, камсыздандыруу толук деп эсептелет. Мындай учурда камсыздандырып ордун толтуруу камсыздандыруу полисинде көрсөтүлгөн камсыздандырып ордун толтурууну төлөө шарттарына ылайык аныкталган көлөмдө жүргүзүлөт.

3. Эгерде камсыздандыруу суммасы турак жайдын чыныгы (рыноктук) наркынан төмөн болсо, камсыздандыруу толук эмес деп эсептелет. Мындай учурда келтирилген зыян турак жайдын чыныгы (рыноктук) наркынан камсыздандыруу суммасына карата пропорционалдуу түрдө төлөнөт.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111253/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111253/st-18)
