# 16-берене. Камсыздандыруу тарифтерин мамлекеттик жөнгө салуу

- Документ: [Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111253)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-июлундагы № 209 "Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 209
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111253/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111253/edition/1075117/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111253/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө, 16-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111253/st-16

---

1. Камсыздандыруу тарифтерин мамлекеттик жөнгө салуу ушул Мыйзамга ылайык экономикалык жактан негизделген камсыздандыруу тарифтерин же алардын деңгээлдеринин чектерин жана милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу сый төлөмдөрүн аныктоодо камсыздандыруучунун аларды колдонуу тартибин белгилөө аркылуу жүзөгө ашырылат.

2. Милдеттүү камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу тарифтерин, алардын түзүмүн ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилейт.

3. Камсыздандыруу тарифтери базалык коюмдардан жана коэффициенттерден турат. Камсыздандыруу тарифтеринин курамына кирүүчү коэффициенттер камсыздандыруу тобокелдигинин чоңдугуна таасир берген, турак жай жайгашкан аймакка, турак жайдын техникалык абалына жараша белгиленет.

4. Милдеттүү камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу сый төлөмдөрү камсыздандыруу тарифтеринен жана камсыздандыруу суммаларынын минималдуу өлчөмүнөн келип чыккан төлөмдөр катары эсептелет.

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген камсыздандыруу тарифтери камсыздандыруучу үчүн милдеттүү болот. Камсыздандыруучу камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү боюнча белгиленгенден айырмаланган коюмдарды жана (же) коэффициенттерди колдонууга укуксуз.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111253/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111253/st-17)
